ТЕСТ: Бүгүн секелек кыздардын күнү. Белекке 15 суроо...
Бүгүн, 11-октябрь - Секелек кыздардын эл аралык күнү. Кыргызда кыздарга карата өзгөчө мамиле, сый, жазылбаган мыйзамдар бар. Мисалы, кезек күтүүлөрдө "Кыздын кырк чачы улуу" деп аларды алдыга өткөрүп, кезек берүү адаты колдонулуп жүрөт. Илгери журт которуп көчкөндө кыздарга аттын жакшысын, жасалгалап мингизишкен. Бүгүн кыздар тууралуу сүйлөшөбүз...