БШКнын мүчөсү талапкер Бакыт Төрөбаевди КТРКдагы дебатка катыштыруу маселесин кароону сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевди КТРКдагы теледебатка катыштыруу маселесин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда комиссиянын жыйынында билдирди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселени биринчи жумушчу топ карап чыгышы керектигин айтты. Абдрахматова жумушчу топтун чечими көпкө созулуп талапкердин укугу бузулуп калышы мүмкүн экенин белгиледи. Жыйынтыгында жыйындын аягында бул маселе каралмай болду.

Эске салсак, Бакыт Төрөбаев 23-сентябрда КТРКдан берилген “Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деген аталыштагы материалдан улам телеканалга бойкот жарыялаган. Төрөбаев 3-октябрда өтүүчү теледебатка катышпай калышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан