Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болду

Депутат Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда SUPER.KG порталына фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Анын айтымында, бүгүн фракциянын кезексиз жыйыны өткөн. "Анда Өмүрбек Текебаевдин лидерликтен баш тартуу арызы каралган. Текебаев арызында алдыда чоң саясий окуялар тургандыгына байланыштуу лидерликтен баш тарта турганын жазган. Фракциянын депутаттары лидерликке Алмамбет Шыкмаматовдун талапкерлигин колдошту", - дешти катчылыктан.

Айта кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту кечээ, 2-октябрда күчүндө калтырган. Жактоочулары бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрыла турганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан