Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча келишимди Өзбекстан парламенти 4-октябрда карайт

Өзбекстан парламенти эртеӊ, 4-октябрда "Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзамды карайт. Бул тууралуу 3-октябрда коӊшу өлкөнүн ММКлары жазышты.

Аталган мыйзам Өзбекстан парламентиндеги фракцияларда, эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыш жана чет элдик инвестициялар комитетинде эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуудан өткөнү белгилүү болду. Келишимге 2017-жылдын 5-6-сентябрында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоевдин Бишкектеги сапарында кол коюлган.

Ал эми аталган келишимди Жогорку Кеӊеш 28-сентябрда ратификациялап, мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 2-октябрда кол койду. Макулдашуунун максаты - Кыргыз-Өзбек ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын аныктоо жана тактоо. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып бүткөнүн, калган 15 пайызы боюнча сүйлөшүү уланып жатканын билдиришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан