Сариев мезгил сынынан татыктуу өткөн саясатчы

- Жакындап келе жаткан президенттик шайлоо кыргыз эли үчүн тагдыр чече турган чоң мааниге ээ болгондуктан публицист, саясат таануучу, илимпоз катары жеке байкоомдун, талдоонун негизинде өзүм туура көргөн талапкер жөнүндө оюмду билдирип, башкаларды да ынандыруу максатында пикиримди айтууну атуулдук милдетим деп эсептейм.

Саясат таануу илиминде жалпы элдин, өлкөнүн жүгүн аркалап кетүүгө белсенген, элди артынан ээрчитип кетүүгө жөндөмдүү адамды лидер деген сөз менен интерпретациялоо калыптанган. Англис тилинен которгондо лидер «жетектөөчү», «жол баштоочу» деген түшүнүктү берет. Ал эми ошол лидер бир катар өзгөчөлөнгөн сапаттарга ээ болушу маанилүү. Албетте, лидерлер ар түрдүү болушу мүмкүн, мисалы, ишкана, уюм ичиндеги лидер, тигил же бул тармактардын лидерлери, топ ичиндеги лидер. Ал эми саясатта лидерлер мамлекеттик лидер, оппозициялык лидер, партиялык лидер, регионалдык лидер жана башка лидерлер болушу мүмкүн. Саясаттагы лидерлердин ичинен өзгөчө журт башчылыгына талапкер болуп жаткан лидерди тандоодо эл өзгөчө кыраакы болбосо, мамлекеттин өнүгүүсү артка кетип же бир орунда токтоп элдин чайналып калуу коркунучу бар, ага биздин 20-25 жылдык соңку тарыхыбыз күбө. Анткени буга чейин биз тандаган мамлекеттик лидерлер айрым бир сапаттары менен өзгөчөлөнсө да, эли-жерин сүйгөн патриоттуулук, чычканга кебек алдырбаган сактык, аярлык, туруктуу позицияны ээлеген бекем эрк жагынан аксады жана дагы аксоодо.



1990-жылдардын аягында экономикасы алсырап эки-үч, балким, андан да көпкө чачырап, кыйроого жакындап калган Россияда алгач тартипти орнотуп, анан акырындап максаттуу реформаларды баштап салыштырмалуу кыска аралыкта экономикасын тикелеп, дүйнөлүк держава статусун Орусияга кайтарган Владимир Путинде дал ошол сапаттар басымдуулук кыларын байкоо анчалык кыйын эмес. Аскар Акаев оригиналдуу жакшы идеяларды көтөрчү, бирок биринин да аягына чыкчу эмес, кайра жаңысын сунуштап жатып калчу, андай идеядан он натыйжа чыгарууга аягына чейин эрки жетчү эмес. Курманбек Бакиевден жакшылыктуу идея да чыкпады, бул кишиде кыргыздын Путини, Ататүркү болууга шансы бар болчу, бирок ал мүмкүнчүлүктү тездик менен жоготуп алды, аягы кан менен бүттү. Алмазбек Атамбаев болсо "азыр Кыргызстан такыр башка өлкө" дейт, көчөгө чыксаң баягы эле кайырчылар жайнаган, ишкерлери менен чиновниктери Шодокондун бүркүтүндөй жулунган, бюджетниктер айдан-айга айлыгы жетпей кыйналган көр турмуш. Азыркы бийлик тушунда саясий системада бийликке туугандарын кийлигиштирбөөдө олуттуу реформаларды жасаганы, тышкы саясатта туруктуу турганы менен өлкө экономикасында эч өзгөрүү болбогону ачуу чындык.

Ал эми президенттик жарыштын азыркы катышуучулары жөнүндө кеп кылсак, атың чыкпаса жер өрттө дегендей аламанга жөн эле катышып коюуну көздөгөндөрдүн арасынан Темир Сариевдин карааны ишенимдүү. Эң эле маанилүүсү жогоруда сөз кылган Путиндеги сапаттар анда бар. Муну ал далайларды тайгылткан саясаттагы буга чейин басып өткөн жолунда да, премьер кезинде, шайлоо өнөктүгүндөгү дебаттарда, кайрылууларда да көргөзө алды. Сариев өкмөт башына келгенден бир жума өтпөй, "Азаттык" радиосуна маек берип, журналист Рахат Кеңешованын “Бизде өкмөт башчы алмаша бергени адат болуп калган. Сариев да көпкө узабай калышы мүмкүнбү?" деген суроосуна “Сариевдин өкмөт башчылыктан кетишине 2017-жылкы президенттик шайлоо гана себеп болушу мүмкүн, себеби тажрыйбасы жетиштүү, харизмасы күчтүү Сариевдин таскагы катуулап бийлик кызганып, керек болсо коркуп кетиши мүмкүн” дегем. Ошондой эле болду, көз карандысыз премьер болуп жана да жигердүү иштеп жаткан, аны кетиргенче шашышты.



Бүгүн Кыргызстан сөзүнүн аяк-башы жок демагогдорго, оозу мене бирди айтып иш жүзүндө башканы жасаган алдым-жуттум лидерге эмес, эмне кылышты билген, аны жасоого эң башкысы тартипти орнотууга эрки жеткен, тыкырайган, патриот лидерге жана ал өзү айтып жүргөндөй профессионал жана мобилдүү өкмөткө муктаж. Мен байкаган анын бир артыкчылыгы бийликке келген күнү биринчи Указым менен бизнести саясаттан бөлөм дегени. Мурдагы бизнесмен Темир Сариевден мындай чечкиндүүлүктү күткөн эмесмин. Себеби Кыргызстандын өзгөрө албай өчүп жатканынын бир себеби - бизнесмендердин бийлик бутактарынын басып алганы, бийлик аркылуу кирешелерин жаап жашырып салык төлөбөй жатканы. Ишкерлерди саясаттан, мамлекеттик кызматтардан изоляциялоо менен бюджеттин киреше бөлүгүн эселеп көбөйтүүгө болот. Бул шайлоодо элибиз Темир Сариевди тандаса жаңылбаган болор эле.

Илимдин кандидаты жана доцент Чолпонбек Сыдыкбаев

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин PR-кызматы тарабынан даярдалды.
Дареги: Бишкек ш, пр.Манас, 40. Даярдалган күнү: 4.10.2017. Нускасы: 1 даана.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин буйругу менен шайлоо фондунан (р/с 1299007890000328) каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Б.Мусаев тарабынан төлөндү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан