Тизме такталды: Президенттик шайлоодо 3 миллион 25 миӊ 768 адам добуш бере алат

Мамлекеттик каттоо кызматы 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочулардын такталган, акыркы тизмесин берди.

Президенттик шайлоодо 3 миллион 25 миӊ 768 жаран добуш берүүгө укуктуу. Мунун ичинен 2 миллион 908 миӊ 453 шайлоочу Кыргыз Республикасынын аймагында кадимки каттоодо турган аймагынан шайлайт. Ал эми чет өлкөлөрдөн 18 580 жаран добуш бере алат. 98 735 жаран Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо тилкелеринен добуш берсе болот.

Бул жылы 17 180 жаран шайлоочулардын тизмесинен чыгарылганы белгилүү болду: каза тапкандар - 16 687 жаран, Кыргыз жарандыгынан баш тарткандар - 493 жаран, 1974-1994-жылкы үлгүдөгү паспорт менен жүргөндөр 13 672 жаран.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан