Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги сапары аяктады. Аны аэропорттон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жубайы менен бирге узатышты. Атамбаевдин Ташкентке болгон 2016-жылкы иш сапарында дагы аэропортко Өзбекстан лидери өзү узатып келген эле.
Ал эми 2 күнгө созулган мамлекеттик сапардын алкагында өлкөлөр ортосунда 13 документке кол коюлду. Мунун ичинде Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын тактоо келишими боюнча протокол дагы бар.