Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгынын жагдайлары белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда SUPER.KG порталына Чүй облусу боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Темир Жумакадыров жана анын айдоочусу жүк ташуучу унаа менен болгон жол кырсыгынын натыйжасында ошол жерден каза болушкан. Ал эми анын оор жаракат алган жардамчысы ооруканадан каза болгон. Алардын унаасы менен кагышкан жүк ташуучу унаанын айдоочусу да жаракат алып, Москва районуна караштуу Беловодск аймактык ооруканасына жеткирилди", - дешти мекемеден.
Андан сырткары басма сөз кызматы алдын ала маалыматтарга ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу унаасында жалгыз болгонун кабарлашты.
Айта кетсек, буга чейин вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгына кабылып каза болгону тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.