Жээнбековдун өкүлү Бабановдун үгүт ишине дин кызматкери тартылганы үчүн ага чара көрүүнү талап кылууда

Бүгүн, 7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт иштерине мурдагы муфтий, дин кызматкери Садыкжан Камаловдун катышканы боюнча арызды карап жатат.

Белгилүү болгондой, талапкер Сооронбай Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаева талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт иштерине Садыкжан Камаловдун катышканы боюнча чара көрүүнү сурап БШКга кайрылган. Анда Камалов Ош шаарындагы эл аралык Ислам кызматташтык борборунун төрагасы, Кара-Суу шаарындагы "Садык каары Камалдин" атындагы медреседе директор болуп турганына карабастан үгүт иштерине катышкандыгы боюнча айтылат.

Арыз менен кайрылган Жылдыз Сманбаева бул жерде мыйзам бузулганын негиз кылып талапкер Бабановго карата экинчи ирет эскертүү берүүнү талап кылууда.

Эске сала кетсек, буга чейин 20-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун баннерлерине илинген талапкер Сооронбай Жээнбековдун, ӨКМнын министри Кубатбек Бороновдун, Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовдун сүрөттөрү илингени боюнча маселени карап чыгып, талапкер Бабановго эскертүү берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан