Атамбаев Казак бийлигин бакиевчи деп айыптады

Бүгүн, 7-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Казак бийлиги өзү каалаган адамды Кыргызга президент кылгысы келип жатканын айтты.

"Ар бир эл өз башчысын шайлаш керек, эл ага татыктуу болот. Эмнеге Казак бийлиги бизге ушундай башчыларды каалап жатканын түшүнүп жатам, Казак бийлигиндегилер Бакиевди жакшы көрүшөт. Бакиевдер дагы деле Алматыда тойлорду өткөрүп жүрүшөт. Мен Казакстандын жогорку кызматтагыларынын "Бакиев элди аткылап туура кылды" деп айткандарын бир нече жолу уккам. Атын атабай эле коёюн, анткени казак элине туура эмес үлгү көрсөтүп алышыбыз мүмкүн", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан