Бүгүн, 9-октябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Андан кийин маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Маркум менен коштошууга президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана депутаттар, коомдук ишмерлер келишти. Президент Темир Жумакадыров тууралуу сөз сүйлөп анын мыкты кадрлардын бири болгонун белгиледи.
Эске салсак, 7-октябрда 38 жаш курагында Талас облусуна кезектеги кызматтык иш сапары менен бара жатканда жол кырсыгынан улам Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров каза болгон. Аны менен кошо жардамчысы жана айдоочусу каза болушкан. Маркумдун артында 3 кызы калды.