Темирдин таскагы, бийлик шашып калды

Ушул тапта президентикке талапкер Темир Сариев түштүк райондорду кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Адатта кыргыз эли “артыңда изиң калсын, айтылар ишиң калсын” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Темир Сариевдин буга чейинки эл үчүн кылган иштери жалпыга жакшы маалым экен. Айталы, Токтогул, Сузак, Аксы, Ала-Бука райондорунда Темир Сариевдин келишин күткөн калың элдин караанын көрүп туруп, элдин бул шайлоодо чыныгы эркин көргөзөрүнө ишеним бекемделе түшөт экен.



Президенттикке татыктуу, саясий эрки бар, репутациясы таза, саясатта сатылбаган жана сатпаган ишенимдүү лидер Темир Сариевди эл чыдамсыздык менен күтүп жатканына жалпыбыз күбө болуп жатабыз. “Темир Сариев өкмөттү жетектеп турганда ат үстүндө эле карапайым элдин камын ойлоп жүрдү. Облустарды тез-тезден кыдырып, дыйкандардын абалын сурап, жергиликтүү бийликти жипке тизгендей тартипте иштетип, ар кандай жаратылыш кырсыктарынын алдын алып, ишканаларды ачууга шарт түзүүнүн, жумушсуздукту азайтуунун камында жүрдү. Аны кызматынан албай турганда андан бери да көп жумуштар бүтүп калмак”, - дейт Токтогулдун тургуну Бейшен Жаныкулов.



Ал эми Кербендеги жолугушуу учурунда эл арасынан чыккандар Темир Сариев эң эрктүү, мамлекеттин камын ойлогон, маселелерди кылчактабай ордунда чечкен, дасыккан ишмер экендигин айтып жатышты. “Убагында өзүбүздүн эле саясатчылар чуу чыгарып, Темир Аргенбаевичти тиги төбөсү көрүнүп турган Унгар-Тоону “коңшуларга сатып жибериптир” деп ушак чыгарып жиберишкен. Ошондо Темир элдин алдына келип, ал маалыматтын жалгандыгын далилдеп, эл менен коркпой-үркпөй эле баарлашып кеткен. Кыңыр иши болсо кылчактап, элге жолобой качмак да. Тескерисинче, ошондо айрым саясатчылардын мамлекеттин жерин сатуу же алмаштыруу процесстери кандай болорун билбегени бизди кейитти ”, - дейт Кербен шаарынын тургуну Бахтияр Молдалиев.



Темир Сариев барган жеринде өзүнүн “Жеңишке бирге” президенттик программасын калың элге кенен түшүндүрүп, азыркы кырдаалга да өз баасын бергенче, элдин өзүнө болгон өтүнүчтөрүн да кабыл алууда. “Көрүп турасыздар, менде стадиондорду толтура эл ташытып келип, шаң-салтанат менен эстрада жылдыздарын жыйнап келүүгө каражатым жок. Анткени мен ак эмгек менен жашаган адаммын. Бирок менде эл үчүн таза иштеп берейин, экономиканы көтөрөйүн, коррупцияны жок кылып, жумушсуздукту азайтайын, келечек ээлери болгон балдарга мыкты билим берүүгө, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого алууга, дыйкан-фермерлердин түйшүгүн жеңилдетип, кирешесин арбытайын деген чын ниет жана ишке ашуу механизмдери ачык программа бар. Мени президент кылып шайласаңар, 6 жыл кара жанымды карч уруп иштеп берем. Кадрлардын мыктысын тандап алам, коррупционерлер менен криминалдарды ордуна коём, сот реформасын чукул арада аяктап, күч түзүмдөрүнүн катарын тазалайм. Ири инвестициялар келет, бюджеттик каражаттарды үнөмдөп, максаттуу пайдаланабыз. Баарын силер менен кеңешип жасайм. Бир партиянын же топтун президенти болбойм, ар бириңдин президентиң болом", - деди талапкер Темир Сариев.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин PR-кызматы тарабынан даярдалды.
Дареги: Бишкек ш, пр.Манас, 40. Даярдалган күнү: 9.10.2017. Нускасы: 1 даана.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин буйругу менен шайлоо фондунан (р/с 1299007890000328) каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Б.Мусаев тарабынан төлөндү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан