Талапкерлер хиджаб маселесине көз караштарын айтышты

Бүгүн, 12-октябрда президенттикке талапкерлер ортосундагы теледебаттардын акыркы туру өтүүдө. Ага талапкерлер Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Арсланбек Малиев катышууда. Сооронбай Жээнбеков телетаймашка келген жок.

Талапкерлер хиджабга тыюу салууга кандай көз карашта экенин айтышты.

Сариев ар бир элдин өз маданияты, каада-салты болорун айтып, аны муундан-муунга өткөрүп берүү милдет экенин билдирди.

Малиев да Кыргыз элине бөтөн элдин маданияты таңууланып жатканын эскертти.

Мадумаров тыюу салуу менен көп ийгиликке жетүү мүмкүн эместигин белгилеп, дин боюнча башынан туура тарбия берүү зарылдыгын айтты.

Бекназаров да жогоруда айтылгандарга кошуларын айтып, убактысын элге кайрылуу жасоого жумшады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан