Президенттик жарыштан баш тартарын жарыялаган Азимбек Бекназаров талапкер болуп катталган бойдон калды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.
"Ал дебаттан шайлоого катышуудан баш тартарын айтты. Бирок шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга ылайык, талапкер добуш берүү күнүнө 3 күн калганга чейин БШКга арыз менен кайрылышы керек болчу. Талапкер 11-октябрь күнү түнкү саат 12:00гө чейин арыз берүүгө убактысы бар болчу. Бирок бул убакыт өтүп кетти. Ал арыз берген жок", - деди Абдрахматова.
Белгилей кетсек, талапкер Азимбек Бекназаров, 12-октябрь күнү президенттик шайлоого катышуудан баш тартарын КТРКдагы теледебат учурунда билдирген.
Буга чейин катталган 13 талапкердин ичинен Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев президенттик жарышка катышуудан баш тартышкан.