Өмүрбек Бабановдун кыргызстандыктарга кайрылуусу

- Урматтуу мекендештерим! Менин кыргызстандык улуу элим!

Мен Жаратканга ушундай өзгөчө жерди жана даанышман элди бергенине ыраазымын! Чыныгы кенчибиз силерсиздер. Сиздер эгемен мамлекетибиздин башкы дөөлөтүсүздөр!

Бүгүн мен сиздердин колдооңуздар үчүн таазим этем. Ар бир жылуу сөзүңүздөргө, жылмаюуңуздарга жана көңүл бурууңуздарга ыраазымын. Бүгүнкү биздин келечегибизди эркин тандап алууга ачылган чоң мүмкүнчүлүк, бул элибиздин өзгөчө салымы менен келген! Сиздердин колдооңуздар менен Кыргызстандагы көп нерсени өзгөртүүгө болот.

Мен өлкөнүн дээрлик бардык аймагында болдум. Күн сайын ар бир жолугушууда биз туура жолдо баратканыбызды, жасаган ишибиз менен алдыга умтулуубузду эл колдоого алып дем берип турду. Сиздердин көзүңүздөрдөн жанган үмүттүн учкундары мага, эбегейсиз күч кубат берди! Кыргызстанды кыялыбызда башкача көргүбүз келген күндү ишке ашырчу мезгил, бүгүн келди. Биз башкача жолду сунуштайбыз – ал, өнүгүү жолу! Элдик реформанын жолу! Алдыга гана жол! Мен жаш жана профессионалдуу топ менен баратам. Өлкөнү өзгөртүү үчүн стратегиялык планыбыз бар, бул ишке аша турган конкреттүү пландар.

Биздин амбициялык максат – дүйнөнүн тез өнүгүп жаткан 10 өлкөсүнүн катарына кошулуу!

Биздин максат – ар бир үй-бүлөнүн кирешесин 6 жылда 2 эсеге көбөйтүү!

Биздин максат – укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин, дарыгерлердин жана мугалимдердин айлык акысын эки эсеге көтөрүү!

Биздин максат – ар бир үй-бүлө, ар бир адам үчүн коопсуз өлкөнү куруу!

Биздин максат – билимдүү жана дени сак улут!

Биздин максат – Россия, ЕАЭБ жана ЖККУ менен стратегиялык кызматташуу. Бүт дүйнөгө ачык өлкө болуу!

Биздин максат – өлкөбүзгө тазалыкты, чынчылдыкты жана акыйкаттыкты орнотуу. Ишкерлик өнүгүп өсүп, инвесторлор кезекте турган деңгээлге жеткирүү!

Эң негизгиси – биз муну кантип жасоо керектигин билебиз! Биз каржылоо булагын кайдан табууну билебиз!

Мамлекеттик ЖМКларда мага каршы провокациялык кампаниялар иштеп жатканын көрдүңүздөр. Аны бизден коркуп жасап жатышат. Алар өзгөрүүлөрдөн коркушуп, өнүгүүнү каалашпайт! Анткени өзгөрүүлөр мындан ары уурулукка жол бербейт, анткени өзгөрүүлөр биздин жашообузду өзгөртөт!

Биз азыр тагдыр чечүүчү этаптын алдында турабыз. "Биз Кыргызстандын жана элибиздин жашоосунун өзгөрүүсүн каалайбызбы?" деп, өзүбүздөн сурашыбыз керек. Балдарыбызга жана неберелерибизге кандай мурас калтырабыз? Алар биздин эмнебизди эстешет? Кандай өлкөдө жашайт? Алар өз тагдырларын Кыргызстанга байлайбы же миңдеген мекендештерибиз сыяктуу башка өлкөлөргө кетишеби?

Мен бүгүн эң маанилүү сөздөрдү айткым келет. Өлкөнүн президенти катары кандай гана кырдаал болбосун Кыргызстандын ар бир жаранынын кызыкчылыгын коргоп, таламын талашам деп ант бергим келет.

Мындан кийин мамлекеттик казынаны уурдоого жол берилбейт. Көп акча табууну каалагандарга – мамлекеттик кызмат орун эмес, бизнестин жолун ачып беребиз.

Өлкөбүздүн бир да сантиметр жери сатылбайт жана саттырбайм! Туугандарымдын бири да мамлекеттик ишке аралашпайт жана мамлекеттик кызматка келбейт!

Биздин өлкөнүн жашоосу мыкты өлкөгө айланышы үчүн, экономикалык секирик болушу үчүн мүмкүн болгон да, болбогон да иштерди аткарам деп ант берем!

Ушул жуманын жекшемби күнү биз кандай өлкөдө жашаарыбызды чогуу тандайбыз.

Ар бириңиздер – Кыргызстандын үмүтүсүздөр! Өлкөбүздүн тагдыры сиздердин колуңуздарда. Эл мамлекетке кул болбошу керектигин, биз эске алышыбыз керек. Эл өзүнө өзү кожоюн болушу керек. Бул "Эл – өз тагдырын жана өлкөнүн келечегин өзү тандайт" дегенди билдирет! Ошондуктан мен сиздерден сурагым келет, сиз ата мекениңиздин жашоосун жакшы жагына өзгөртөт деп, чындап ишенген талапкерге добуш бересизби?

Мен келечекке ишенем! Мен Кыргызстанга ишенем!

Мен ушул жерде жашап жаткан ар бириңиздерге, алдыга жолду тандагандарга ишенем!

Биз өлкөбүз үчүн бирге сыймыктана турган бардык иштерди аткарам!

Сиздер жүрөгүңүздөрдүн кагышын тыңшаңыздар – ал эч качан сиздерди алдабайт!

Сиздин гана добушуңуз чечүүчү болот. Өлкөбүздүн кайсы жол менен барарын сиз аныктайсыз.

15-октябрда кечки саат 8де өлкөнүн жакынкы алты жылы үчүн президенти шайланат. Ал өлкөнү 20 жыл алдыга секирген өнүгүү жолуна алып келет же өлкөнү өтө оор кырдаалга алып келет. Биз элибизди коргой алган, өлкөбүздү көтөрүүгө эрки жана күчү жеткен, жүрөгү жана ниети эч убакта мекенин сатпаган жана ага чыккынчылык кылбаган адамды тандайбыз!

Бүгүн биз келечектеги Кыргызстан тууралуу кыялыбызды чогуу ишке ашыра алабыз. Бул үчүн мага 15-октябрда Сиздин колдооңуз керек!

Бир нече жылдан кийин, ушул жылдын октябрь айындагы окуяны эстегенде мен туура тандоо жасагам деп айтарыңыздарга ишенем! Мен өлкөбүз өзгөрүп, жаңы жол менен барсын деген колдон келген бардык аракетимди жасадым.

Колумду жүрөгүмө коюп, сиздердин

Өмүрбек Бабанов!

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э.
Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 13.10.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан