Сооронбай Жээнбековду колдоп концертке Бишкектин 10 миңден ашуун тургундары келишти

Бүгүн, 13-октябрь күнү Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында "Бишкек добушу" аталышындагы Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогон концерт болуп өттү.



Сооронбай Жээнбековду колдоп "Ала-Тоо" аянтына 10 миңден ашуун бишкектиктер келишти. Ошондой эле Гүлнара Тойгонбаева, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Нурлан Насип, Гүлзада Рыскулова, Аяна Касымова жана башка популярдуу эстрадалык ырчылар концертте чыгармачылыгын тартуулашты. Андан тышкары Кыргызстандын белгилүү музыкалык ансамблдери жана хореографиялык топтору болушту.

Бишкектиктердин көптөгөн суранычы боюнча Сооронбай Жээнбеков белгилүү ырчы Кайрат Примбердиев менен "Я люблю тебя жизнь" деген ырды чогуу аткарышты. Андан тышкары Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын гимнин шаардыктар менен кошо аткарды.

Ал шаардын тургундарын жана бардык кыргызстандыктарды аны колдогондугу жана ишеним арткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. "Мен сиздердин колдоону сезип-көрүп турам жана ал үчүн рахмат айткым келет. Элдин жана карапайым адамдардын колдоосу бул убакыт бою мага күч тартуулады! Сиздер менен биз жеңебиз, чындык утат!" - деди талапкер Жээнбеков.

Бүгүн үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү. Аны Сооронбай Жээнбеков талапкерлигин колдогон чоң концертте Бишкектин тургундары менен чогуу жолугушуу менен аяктап жатат.

Шайлоо бюллетенинде №9 үчүн, Сооронбай Жээнбеков үчүн добуш бер! Өлкө кызыкчылыгы баарынан бийик!

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 13.10.2017-ж.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан