15-октябрда Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы берген алдын ала жыйынтыкка ылайык добуштардын 54,73 пайызын Сооронбай Жээнбеков алган.
Азыркы тапта жеңишин майрамдап жаткан Сооронбай Жээнбековдун өмүр баянына токтолобуз. Сооронбай Жээнбеков 59 жашта. Ал 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тельман айылында туулган.
Үй-бүлөлүү. Аялы Айгүл Токоева коомчулукка көп чыкпагандыктан ал тууралуу маалымат аз. Бир уул, бир кызы бар. Кызы Бактыгүл Кыргыз-Орус Славян университетинде окуйт. 2016-жылы турмушка чыккан. Уулу Бишкектеги мектептердин биринде окуйт.
Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун 1976-жылы Ɵзгɵн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуудан баштаган. Андан кийин К.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун студенти болот. 1983-жылы окуу жайды аяктап, кесиби боюнча иштейт. 1988-жылы С.Жээнбековду жетекчилик кызматтарга сунушташат. Совхоздун директору жана колхоздун башкармалыгынын тɵрагасы болуп иштейт.
1995-жылы бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин Эл ɵкүлдɵр жыйынына депутат болуп шайлануу менен Жээнбековдун мамлекеттик ишмердиги башталган. Ошол эле жылы КСДПнын катарына кирип, Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленип түзүлгɵн Кыргыздагы алгачкы "Реформа" депутаттык фракциясынын курамында иштейт. Жээнбеков 2007-жылы айыл чарба министри болуп дайындалган. Бул кызматтан кеткенден кийин КСДПнын курамында саясий ишмердигин уланткан.
2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Ош облусунун губернатору болуп дайындалат. Бул кызматта 5 жыл иштеген. 2015-жылдын аягында Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп дайындалып, андан кийин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына которулат.
2016-жылдын апрелинде Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵт башчысы кызматына бекитти. 2017-жылдын 15-июлунда КСДП партиясынын съездинде Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер болуп кɵрсɵтүлгɵн.