Бабанов: “Атамбаев менен мамилебиз кандай болорун жашоо көрсөтөт”

Алмазбек Атамбаевдин шайлоодогу билдирүүсүн анын абийирине койдум”, - деди талапкер Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Маалымат жыйында журналисттердин бири “Добуш берүү учурундагы өлкө башчысынын билдирүүсүндө сиздин дарегиңизге айтылган сөздөрдө мыйзам бузуу болгон жокпу?” - деп сурады.

“Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин шайлоодогу билдирүүсүн анын абийирине койдум” деп жооп берди Бабанов. Ошондой эле ал “Атамбаев менен мамилебиз кандай болорун шайлоодон кийин жашоо көрсөтөт” деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан