КҮНСЕРЕП: Мураскер Кыргызга кымбатка турабы?

Бүгүн, 17-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз-Казакстан чек арасындагы кырдаал жөнгө салына элек. Кыргыз бийлигинин кадамдары президент Алмазбек Атамбаев айткан багытта бара жатат. Экономика министрлиги Казакстанга чара көрүүнү сунуштап Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегия башчысы Тигран Саркисянга кат жолдогону белгилүү болду. Анда Казакстан ЕАЭБдин нормаларын бузуп, союздаш өлкөлөрдүн ортосунда эркин товар жүгүртүүгө жол берилбей жатканы, чек арадагы Казактын чектөөлөрү ЕАЭБ келишимине каршы келери айтылат. Чыр мындай нукта улана берсе Кыргыз, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армениянын лидерлери кезексиз жыйынга чогулууга аргасыз болушу мүмкүн. ЕАЭБдин келишимине көз жүгүртсөк, анда "Мүчө мамлекеттер уюмдун өз функциясын аткарышына зарыл шарттарды түзөт жана уюмдун жетишкендиктерин коркунучка кептей турган аракеттерди жасоодон карманышат" деп жазылуу. Кыргыз тарап ушул норманын сакталбай жатканын айтууда. Уюмдун коллегиясы Кыргыздын өтүнүчүнө кандай реакция кылары жакында билинет.

Бул арада чек арадагы абал өзгөрүүсүз калып, Кыргызга жагымсыз башка жаӊы жагдайлар көрүнө баштады. Алсак, кыштын алдынан Казакстанда Кыргызга көмүр экспорттоого чектөө киргизүү сунушталды. Белгилүү болгондой, Бишкектин Жылуулук электр борбору (ТЭЦ) негизинен Казакстандан алып келинген көмүр менен иштейт. Чектөө узакка созулса ЖЭБдин иши кыйындай турганы айтпаса да түшүнүктүү. Расмий маалыматка таянсак, ЖЭБде азыркы тапта 261 миң тонна көмүр бар, кыштан "аман-эсен" чыгыш үчүн борборго 1 миллион тонна көмүр керектелет. Өлкөнүн энергетика тармагына жооптуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев чектөө убактылуу экенин айтып, бул Казакстан жыл сайын жасаган кадимки көрүнүш деп жатат. Калиев чектөө ашып барса 2 аптага созулат деген ишеничте. Шайлоо алдында Жогорку Кеӊештеги ишин убактылуу жыйыштырып, депутаттар үгүт кампаниясына кирип кетишкен. Парламенттин Эл аралык иштер комитети бүгүн Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаалды журналисттерсиз талкуулады. Маселе алдыдагы пленардык жыйындарда көтөрүлүшү мүмкүн. Ал эми президенттик жарыштан жеӊген Сооронбай Жээнбековго "чек арадагы маселени кантип чечесиз?" деген суроо берилип ал так жооп айткан эмес. "Бул убактылуу маселе, чечебиз", - деген гана жооп узатты. Саясий конфликттин таасири карапайым элге сезиле баштады. Мисалы, 1 аптада Таласта ундун баасы 100-200 сомго кымбаттаган. Ишкерлер Кыргыз-Казак чек арасынан азык-түлүк өткөрүлбөй жаткандыктан күнүмдүк жашоого керектүү азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлүп жатканын айтып тынчсызданып жатышат. Адегенде Казакстан чек арада режимдин катаалдашын Кыргыздагы шайлоого байланыштырган. Эми азыр шайлоо өтүп, Жээнбековдун жеӊишин атаандаштары тааныгандан кийин деле чек арадагы тоскоолдук жоюлбай, бул катардагы маселе эместиги ачык көрүндү.

Кризис качан, кантип чечилиши мүмкүн? Кыргыз мамлекети ЕАЭБдеги мүчө өлкөлөрдүн жетекчилерин Атамбаев айткандай кезексиз жыйынга чакыруу мененби? 15-октябрда Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал боюнча айтып жатып ажо 2-3 күндүн ичинде Казак тарап чек арадагы маселени жойбосо ЕАЭБдин башчыларынын жыйынын өткөрүүнү талап кыларын айткан. Ошондой эле Казакстандын бийлигин "Кыргыздагы шайлоого кийлигишип, өз талапкерин таӊуулап жатканын" айтып катуу сындаган. Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн 15-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына түз көз карашта экенин, Казак бийлиги Кыргыз элинин тандоосун сыйлай турганын билдирди.

Кыргыз-казак бийлигинин мамилеси боюнча Атамбаевдин айрым сөздөрү суроо жаратат. Ал "Кыргыздын жаӊы президенти Казакстандын жаӊы президенти менен тил табышуусу мүмкүн" деген ойлору бар экенин айтып, Ислам Каримовдон кийин президенттикке Шавкат Мирзийоевдин келиши менен мамиле жакшырганын мисал кылды. Бул - маселе Кыргыз-Казак алакасы Назарбаев бийликтен кеткенде же Жээнбеков президент катары ишке киришкенде жөнгө салынат деген ишаратпы? Эгерде андай болсо, маселе декабрь айына чейин чечилбейби? Кыргыздын жаӊы президенти Сооронбай Жээнбеков мыйзамга ылайык, 1-декабрда гана кызматына киришет. Атамбаев салкындап кеткен мамилени оӊдоо милдетин Жээнбековго тапшырып кеткени жатса, эки өлкөнүн чек арасындагы жагымсыз кырдаал кеминде 1,5 айга созулат. Эми Кыргыз-Казак мамилесин Сооронбай Жээнбеков менен азыркы өкмөт башчы жөнгө салууга аргасыз...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан