Бүгүн, 17-октябрдагы маалымат жыйынында Кыргыз археологдору жана тарыхчылары 1956-жылы Баткен облусунун Кара-Булак айылында табылып Тарых музейде сакталып турган мумиянын жерге берилишине нааразычылыгын айтышты. Алар көмүлгөн мумияны кайра казып тез арада ордуна коюлушун талап кылышты.
Ошол учурда жыйынга көзү ачык Замира Муратбекова кирип келип, археологдор менен кайым айтышты. Ал мумия туура көмүлгөнүн, мындан улам президенттик шайлоо тынч өткөнүн белгиледи.
Ал эми археолог Кадича Ташбаева президент көмүлгөн мумия тууралуу реакция кылбаса алар сотко жана эл аралык музейлердин уюмуна кайрылышарын айтты.
"Бул көмүлгөн мумия биздин өлкөнүн гана эмес Орто Азия дүйнө элинин тарыхый байлыгы болчу. Учурда аны кайра каздырып, Тарых музейине койдуруу талабы менен президентке кайрылып жатабыз. Эгер президент тарабынан да реакция болбосо анда эл аралык музейлер уюмуна, сотко кайрылабыз", - деди ал.