"Мен Кара-Балта шаарына караштуу Ставропавловка айылында жашайм. Көп жылдан бери биздин аймакта ээси жок жолбун иттерди тийиштүү кызматтын атканын көрө элекмин. Мурда андай иш-чаралар аткарылчу эле. Мисалы, биздин короодо оорукчан ит кууганыбызга болбой келип алып кетпей жүрөт. Анын башы алган жаракатынан жыттанып кеткен. Оору жукпайт деп эч ким кепилдик бербейт да", - дейт окурман.
Муну менен катар окурман "мындай иштер менен кайсы мекеме алектенет" деген суроо салды.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.