УЕФАнын расмий сайтында Чемпиондор Лигасынын 3-аптасынын мыкты оюнчусуна добуш берүү башталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, мыкты оюнчу наамына 8 футболчу талапкер болууда. Алардын ичинде грециялык "Олимпиакос" клубунун дарбазасына 2 гол киргизген Лионель Месси, "Севилия" менен болгон беттеште 2 гол жана 2 пас менен айырмаланган "Спартактын" футболчусу Квинси Промес, пенальтиден гол киргизген Криштиану Роналду кирген.
Алардан тышкары бул наамга Мохамед Салах ("Ливерпуль"), Женк Тосун ("Бешикташ"), Маркус Рашфорд ("Манчестер Юнайтед"), Эден Азар ("Челси") жана Неймар ("ПСЖ") талапкерлик кылууда.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы эртең, 20-октябрда билинет.