Кыргыз тараптан барган делегация мүчөлөрүнүн жарымы мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Астана шаарында калышты. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.
"Беш күн аралыгында Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды мындан ары жакшыртуу үчүн протокол иштелип чыгып, ал макулдашуудан өтүшү керек. Беш күн аралыгында биз жол картасын түзүп жетишсек, чек арадагы абал мурдагы калыбына келерине ишенем", – деди Абдыгулов.
Белгилей кетсек, премьер-министр Сапар Исаковдун Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз-Казак чек арасында жеке жүгү менен өткөн жүргүнчүлөр, жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалар, жеңил унаалар жана жүк ташуучу бош унааларды өткөрүүгө приоритеттүү тартипти камсыз кылуу тууралуу келишим түзүлгөн. Жүк ташуучу унааларды өткөрүү шарттары боюнча эки өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлери башында турган жумушчу топтун ишинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрөт.
Азыркы тапта Кыргыз-Казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарында абал туруктуу, өткөрүү мөөнөтүнүн жакшырганы байкалууда, жүргүнчүлөр жана жеңил автоунаалар, жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар эч кандай тоскоолдуксуз өтүүдө.