СУПЕРСТАН: "Өз жашоосун эптей албаган адамдар негативге жакын болушат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өз жашоосун эптей албаган адамдар негативге жакын болушат" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Өз жашоосун эптей албаган адамдар негативге жакын болушат: бирөөнү ушактап, жамандап, ошол менен өздөрүн бир аз болсо да "өйдө" сезип, башкача айтканда, "чувство собственной важности" деген нерсени азыктандырышат. Интернет заманында муну социалдык тармактардагы каралоолордон, түгөнбөгөн талаш-тартыштан байкаса болот. Ал эми бактылуу адамдар башкаларга убактысы жок. Башкалардын кемчилигин карап капа болуп, жашоосун негативге толтургусу келбейт. Ар бир нерсенин жакшы жагын көрө алышат, анткени ою жакшы, бактылуу адамдар ошол адаты менен бактылуу".

"Эми ар кыл да, беш кол тең эмес дегендей. Биз бактылуу деп ойлогон адамдар деле бирөөлөр үчүн бактысыз. Бири кем дүнүйө дейт".

"Ооба, туура айтасыз. Мен бир адамды өтө бактылуу, жашоосу бейпил деп ойлочумун. Анткени ал дайыма шайыр, энергиясы мол, өтө позитивдүү жүрөт. Бирок бир күнү ал бактысыз экенин айтты..."

"Негатив адамдарга көп маани бербеген туура. Анын өзүнө эле кыйын, себеби ал бир өмүр өзүнө чыдаш керек.Ошондой адамдар менен өтө этият мамиле кылуу керек. Алар ар кимди жамандап, өздөрүн мактай берип, психологиясы да башкача болуп калган. Сага бирөөнү жамандап келет, кайра сени бирөөгө жамандап барат. Андыктан алдыга гана карай умтулуу керек. Аларды сөз кылганга арзыбайт. Алардын кылык-жоруктарына сабыр гана кылып коёбуз. Себеби аларды сөз менен тарбиялай албайсың".

"Бүгүнкү күндө баарыбыз эле кыйын болуп калбадыкпы. Өзүбүз баскан жол гана туура, өзүбүз сүйлөгөн сөз гана туура деген заманда жашап жатабыз. Ал нерсе жашоосун эптей албаган же эптей алгандыкта эмес, жан дүйнөнүн жардылыгында, өзүңдөн башканы көрө албаган - ичи тарлыкта. Кээ бирөөлөр бар ушунчалык жупуну жашайт, бирок бир сом тапса да адал жол менен табат. Адал эмгектенген, боорукер, эч кимге жамандык каалабаган, адамдык эң жакшы сапатка ээ инсандар. Кээ бирөөлөр бар жашоосун эптемек турсун гүлдөтүп аткан мультимиллионер. Бирок өзүнөн башканын баарын каракчы, эл душманы, саткын деп ойлойт. Тоок өлүп калса да тигилер күнөөлүү деп көрүнгөн жерде ушактап, тар чөйрөгө эле эмес бүтүндөй мамлекетке негатив ойлорун таңуулап жар салып жаткандар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-20 15:43:04
Шашпай жылмайып ийкемдуу болуш керек
0
Nevestkaa
2017-10-20 16:10:01
Сураныч айтып койгулачы Сайкал кимге турмушка чыккан атат супердин жаңы саны инетке чыкканга чейин чыдамым кетип барат.
0
Batma08
2017-10-20 17:28:10
Nevestkaa,максат давранов окшойт
0
mandalak
2017-10-20 16:18:35
Ошондо не АША га намек кылганыбы бул? )))))
+3
Tyty1990
2017-10-20 16:57:19
Баарыбыз эле кыйынбыз
0
Maika
2017-10-20 23:49:42
Об таза адамдын журогу таза...
+1
zhykyo
2017-10-21 01:33:03
Журогунду тазалагын келсе намаз оку ошондо эч кимге жамандык каалабайсын жана ушак суйлобойсун жеке оюм да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан