Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.
Отурумдун жүрүшүндө күбө катары чакырылган Эсептөө палатасынын аудитору Ишенбек Медетовдун тергөөдө берген көрсөтмөсү менен соттогу көрсөтмөсү эки башка чыгып жатканы айтылды.
Шыкмаматов менен кошо айыпталып тергөө абагында жаткан Жусуп Иманалиев Медетовго: "Сен жалган көрсөтмө берип жатасың. Унааны алып келген күнү мени Бишкекте болгон деп айттың. Ал учурда мен Таласта элем. Кайсы бетиң менен жалган айтып жатасың, уялбайсыңбы?! Сен бул жалган көрсөтмөлөрдү өзүңдү акташ үчүн айтып жатасың", - деди ал.
Маалым болгондой, УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет.
Соттук отурум 23-октябрга жылдырылды.