Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, Кара-Балта шаарында 5-кабаттан секирип кеткен кыз ошол күнү эжеси менен уруша кеткен.
"16 жаштагы бир тууган эжесинин айтымында, ошол күнү "сабак оку" деп урушуп, телефонун алып койгон. Кийин бөлмөсүнөн кирип таппай, терезеден жерде жатканын көргөн. Андан соң дароо "Тез жардам" чакырган", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Ошондой эле Чүй ОИИББи алар таенесинин колунда болушканын, апасы 2015-жылдан бери Түркияда иштеп жүргөнүн билдиришти.
Айта кетсек, окуя 18-октябрь күнү саат 21:30 чамасында Кара-Балта шаарында болгон. Анда 14 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан секирип кетип каза болгон.