Жогорку Кеңештин депутаты, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин сынына жооп берди.
18-октябрда студенттерге сыйлык тапшыруу аземинде президент Атамбаев: "Чыңгыз Айтматовдун күмбөзү бүтпөй жатканда Таластын байлары бир тыйын берген жок! Мен акча таап бүтүрүп бердим", - деп айткан эле.
Эртеси Өмүрбек Бабанов буга жооп катары: "Элим көрүп турат. Мен жан дилимден гана жардам берип, аны эч качан жарыялап, мактанган эмесмин. Ушуну байкап мени колдоп, азыр эскертип койгондорго ыраазымын!" - деп интернеттеги баракчаларына жазып, төмөнкү тизмени тиркеди.