Жазуучу, драматург, мурдагы маданият министри Султан Раевдин апасы көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Султан Раевдин апасы Марапат Раева 19-октябрь күнү түн ичинде каза болгон. Маркумдун сөөгү эртең Кара-Суу районунун Жоош айылында саат 10:00дө жерге берилет. Маркум Марапат Раева 82 жашка чыккан.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Султан Раевдин апасынын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.