SUPER.KG порталынын "Супер ТВ" бөлүмү жаңы долбоор менен толукталды. Жүрөккө катылган сезимдер, көөдөндөн кеткис ачуу арман, ашыгын күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы, бакыт... Мунун баарын эми "Жүрөк сыры" долбоору баяндап берет.
Сүйүүгө балкып турганда же жүрөгүңүздү сагыныч ээлеп, сырдаш издеп, башыңыздан өткөн окуяны кайра көз алдыңыздан өткөргүңүз келген учурда турмуштан алынган окуяларды чагылдырган "Жүрөк сыры" сиз менен сырдашууга даяр. Пикир калтырыңыз, сырыңызды айтыңыз.
Долбоордун алгачкы чыгарылышы "Сени баары бир күтөм" деп аталып, сүйүүгө туруктуу бийкечтин сезимдери, ал жактырган жигиттин ага жасаган мамилеси чагылдырылды.
Видеону көрүү үчүн бул жакка кириңиз.