Ак-Сууда малдан кутурма оорусу чыгып карантин жарыяланды. Алты адам ооруканага жаткырылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда жайгашкан Отрадное айыл аймагынын Тасма жайытында уйдан кутурма оорусу чыгып, аталган айылга карантин жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда SUPER.KG`ге Ак-Суу райондук ветеринардык кызматынын башчысынын орун басары Алмазбек Шакеев билдирди.

"Ветеринардык башкармалыктын кызматкерлери 10-октябрь күнү Тасма жайытында кутурма оорусу бар деп шектелген малды союп, башын облустук лабораторияга жиберишкен. Калган эти коопсуздук чаралары менен көмүлгөн. 11-октябрда экспертиза уйдун кутурма менен ооруганын тастыктагандан кийин айылга карантин жарыяланды. Ал эми уйду сойгон эки мал доктур жана малдын ээси, малчысы ооруканага жаткырылган. Мындан тышкары короого кирген кашкулакты союп жеген эки тургун да ооруканага жаткырылган. Алардын ден соолугунда коркунуч жок, алдын алуу үчүн дарыланууда ", - деди Шакеев.

Алмазбек Шакеев малга кутурма оорусу карышкыр жана түлкүлөрдөн жукканын айтууда.

"Биз кутурма оорусуна байланыштуу айылга жакын жердеги түлкү, карышкырларды жок кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга кайрылдык. Учурда аймакта мал, эт сатууга чектөө киргизилип, мал доктурлар бардык үй жандыктарын эмдөөдөн өткөрүүдө", - деп кошумчалады Шакеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
momun74
2017-10-21 11:42:00
Кудай сактасын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан