Ысык-Көлдөгү үйлөрдүн биринен Ата Мекендик согуш жылдарындагы пулемёт табылды

Ысык-Көл облусунда үйлөрдүн биринен Ата Мекендик согуш жылдарындагы пулемёт табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жүргүзүлгөн ок атуучу куралдарды текшерүү маалында жалпы мыйзамсыз сакталган 11 курал жана Сары-Жаз аймагында жайгашкан Чокмор-Таш кыштоосундагы үйлөрдүн биринен Ата Мекендик согуш маалындагы 1942-1943-жылдары чыккан "Судаев" үлгүсүндөгү мылтык-пулемёт табылган.

Чабандын айтымында, ал бул пулемётту таап алган жана дат басканын көрүп жарактан чыккан курал экен деп ойлогон.

"Бул факт боюнча баллистикалык экспертизанын жыйынтыгына жараша чара көрүлөт", - деп билдирди Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nazaroff1974
2017-10-21 12:55:37
Кысталак десе жатып алып кекилик,суур атпайт белен жарактуу болсо.бадыратып.Айылдын крутой Рэмбосу болот болчу.Тапшырып ийсен ташбака да жок эми,каап десе...
+1
Bema74
2017-10-21 13:12:12
Колундагы нерсесин алдырып оозу ачылып.Адамдар жок бомбасын жардырам деп оолугат сен бар нерсени эптей албайсын
+7
Nazaroff1974
2017-10-22 09:55:51
Bema74,Ошону айтпайсынбы.Жарыялап бок барбы.Жон коюп кой,эмне сайгылап атабы.Адам атпаса болгону.Жакшы бир пайдасы тиймек.Айткан менен бекер эми...Эми мыйзамсыз неге алып журосун,шпионсун деп чабанды кайра ит талагандай кылышат.Кызыгы согуштагы курал кантип Колго барып калды экен.Бир дезертирдики го..
0
karakulja
2017-10-21 13:15:57
Кызык, бул курал кайдан пайда болду. Ч. АЙТМАТОВ агабыздын "Бетме бет" деген чыгармасындагы качып келген качкындын тиешеси жок бекен
+7
Best.bakyt
2017-10-21 13:40:06
karakulja,Ооба Ысмайыл качканда кыта келип "бадарке" кылган экен уй-
торпоктон ат деп.
+2
Tansuluu09
2017-10-21 13:42:46
Best.bakyt,;)))))) Шерлок Холмстордун баары бул жактаго
+6
jbolotov
2017-10-21 17:30:54
Катуу текшерип айылдардагы куралдарды алыш керек. Жапайылар тоодогу элик аркар кийик дегендерди кырып бутмок болду.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан