21-октябрда Өзбекстандын ырчылары, куудулдары жана актёрлору пахта терүүгө чыгып акция өткөрүштү. Алардын катарын ырчылар Шахзода, Райхон Ганиева, Юлдуз Усманова, Зийода Кобилова жана башкалар толуктады. Акциянын максаты "ак алтын" терүүнү коомчулукка жайылтып, элди пахта терүүгө чакыруу. Интернет колдонуучуларынын арасында шоу-бизнес жылдыздарынын чачын жайып, көз айнек жана узун тырмактары менен пахта терип жаткандарын сынга алгандар да болду.
Өзбекстанда пахта кол менен терилет. Кичинекей балдардын пахта терүүгө чыгып жатканы дүйнө коомчулугу, эл аралык уюмдар тарабынан сынга алынып келген. Быйыл август айында Өзбекстандын өкмөтү өспүрүмдөрдү, иштеп жаткан медицина кызматкерлери жана билим берүү тармагында эмгектенип жаткандарды пахта терүүгө чыгарууга тыюу салган. 2017-жылдын 17-октябрында пахтанын 1 килограммына 700 сум (6 сом) төлөө чечими чыккан. Өткөн жылы сумма 285 сумдан ашпаганы айтылат.