Кечээ, 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү Англиянын Лондон шаарында ФИФАнын "The Best" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Анда жылдын мыкты футболчусу, машыктыруучусу, дарбазачысы жана жылдын мыкты голу аныкталды.
Мыкты футболчу
Жылдын мыкты футболчусу болуп "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду аталды. Роналду бул сыйлыкка экинчи ирет ээ болууда. Ал "Барселонанын" жылдызы Лионель Мессиден жана "ПСЖнын" чабуулчусу Неймардан ашып өттү. Роналду 2017-жылы "Реал" менен бирге Чемпиондор Лигасын жана Ла Лиганы жеңип алган, ал эми Португалия курама командасы менен Конфедерациялар кубогунда 3-орунду жеңген.
Мыкты машыктыруучу
ФИФАнын версиясы боюнча мыкты машыктыруучу болуп Зинедин Зидан табылды. Ал "Челсинин" машыктыруучусу Антонио Конте жана "Ювентустун" машыктыруучусу Массимилиано Аллегрини ашып өттү. Эске салсак, Зидандын жетекчилигинде "Реал Мадрид" 2017-жылы Чемпиондор Лигасын жана Ла Лигада чемпиондукка ээ болду.
2016-жылы бул сыйлыкка Клаудио Раньери ээ болгон, ал "Лестерди" Англия чемпиондугуна алып келген. Ошол жылы Зидан 2-орунда болуп калган.
Мыкты дарбазачы
Мыкты дарбазачы сыйлыгын "Ювентус" клубунун жана Италия курама командасынын капитаны Жанлуижи Буффон жеңип алды. Буффон "Бавариянын" дарбазачысы Мануэль Нойерди жана "Реалдын" дарбазачысы Кейлор Навасты ашып өттү. Ошондой эле Буффон FIFPro версиясынын жылдын курама командасына кирди.
Мыкты гол
Ференц Пушкаш атындагы сыйлыкка 2017-жылдын кооз голу катары "Арсенал" клубунун чабуулчусу Оливье Жиру ээ болду. Жиру голду АПЛдин алкагында "Кристал Пэлас" менен болгон беттеште киргизген. Оливье Жирудан тышкары бул сыйлыкка Дейна Кастельянос (Венесуэлы U-17 кыздар курамасы) жана Масулуке Оскарине ("Барока") талапкерлик кылышкан.