Волейбол боюнча Кыргыз курама командасынын капитаны Оңол Каныбек уулу карьерасын Таиланд чемпиондугунда улантат. Бул тууралуу 24-октябрда Кыргыздын Волейбол федерациясы маалымдады.
"Жаңы-Муун" командасы менен Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону аталган Оңол Каныбек уулу кийинки сезондо таиланддык "Эйр Форс" клубунда ойноп баштайт. Оюнчу менен клубдун ортосундагы келишим азыркы сезондун аягына чейин уланат. Жаңы командада Оңол Каныбек уулу көнүп калган 7 сан катары менен ойнойт.
"Эйр Форс" клубу Таиланддын 3 жолку чемпиону (2011, 2012, 2017), 3 жолку өлкөнүн вице-чемпиону (2010, 2014, 2015) жана 2 жолку коло медалдарынын ээси (2013, 2016).