Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында турган жүк ташуучулардын тамактануусуна бир миллион сом бөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, акча каражат президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү. "Чек аранын көзөмөл-өткөрүү пункттарында түзүлгөн кырдаалды жана республикада күтүлгөн сууктун түшүшүн эске алып, өлкө башчы унаа транспорту менен эл аралык жүк ташыган жана Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн кезекте турган унаа менен жүк ташуучулардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылууга бир миллион сом бөлүү боюнча буйрукка кол койду", - деп айтылат маалыматта.