“Кыргыз-Казак чек ара тилкелеринин бир эле көзөмөл-өткөрүү бекетинде 500 унаа кезекте турат”, - деди Кыргыз Республикасынын экономика министри Артём Новиков бүгүн, 27-октябрда өткөн маалымат жыйында.
“Кечээ кечинде биздин кызматкерлер "Ак-Тилек" чек ара бекетинде болуп келишти. Учурда бул тилкеде 500 автоунаа кезекте турат. Чек ара бекетинен өтүү үчүн кезекте турган унаага 5-6 күндө кезек жетет. Товарлардын арасында тез бузула турган жашылча-жемиштер, айыл чарба азык-түлүктөрү да бар. Бул жерде жоготуу жана чыгымдар өтө жогору болууда”, - деди Новиков.
Учурда экономика министри жана бажы кызматынын өкүлдөрү Кыргыз-Казак чек арасында жаралган кырдаалга байланыштуу маалымат жыйын берүүдө.