Ишкерлер Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаалдан улам салыктан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу боюнча өкмөткө кайрылуу жолдошту

Ишкерлердин профсоюз уюмунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева өкмөткө ишкерлерди салыктан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу боюнча кайрылуу жолдоду. Ал бүгүн, 30-октябрда берген маалымат жыйынында ишкерлер Кыргыз-Казак чек арасындагы абалдан улам жапа чегип жатканы себеп болгонун айтты. Анын билдиришинче, учурда соода иштери токтоп ишкерлер чыгашага учурап жатышат.

"Чек арадагы абалга 20 күн болду. Бизде экспорт күз айларында гана жакшы болгондуктан бул аралыкта ишкерлер бир канча чыгашага учурашты. Себеби соодалар токтоп калды. Ошондуктан ишкерлерди салыктан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу боюнча кайрылдым", - деди Дөөлөталиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан