Казакстан Кыргыз жергесинен сүт, эт жана кондитердик азыктарды киргизүүгө чектөө койду. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты коргоо комитетинин башчысы Жандарбек Бекшинге таянып, 10-ноябрь күнү Казакстандын бир катар маалымдоо каражаттары жазышты. Ал Кыргыз өлкөсүнөн киргизилген азыктар талапка ылайык болбой жатканын айткан.
"Октябрь айында талапка ылайык келбеген азык-түлүктөр 23,4 пайызды түздү. Чек арада алардын сапатын кароо жана коопсуздук үчүн көзөмөл күчөтүлдү. Мындан улам Кыргыз тараптын "Ак-Сүт", "РИХА", "Куликовский" жана "Эмилия" аттуу сүт, эт жана кондитердик азыктарын өндүрүүчүлөрдүн товарларын өткөрүүгө бөгөт коюу боюнча токтом кабыл алынды", - деди Бекшин.
Мындан тышкары ал бул жылы азык-түлүктөрдү сатып алууда, 826 административдик укук бузууларга карата соттун 415 токтому чыкканын, анын ичинен 360 арызды сот канааттандырып, 19,5 миллион тенге айып салынганын айтты. Ошондой эле Бекшин талапка ылайык келбеген 172 тонна азык-түлүк соода-сатыкты ишке ашыруучу жайлардан алынганын баса белгиледи.