Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр Кыргыз-Казак чек арасына байланыштуу Казак президенти Нурсултан Назарбаевге ыр түрүндө кайрылуу жасады.
"Жер жарылса акындын жүрөгү кошо жарылат" деп кеп баштаган акын, эки элдин ынтымагын, бир тууган эл экенин баса белгилеп ырдаган.
Ал эми кайрылуунун негизги максаты казак өлкө башчысы чек арадагы кырдаалды тез аранын ичинде чечип, боордош эл кайрадан мурункудай алакада мамилесин улантарына ишеним арткан.