"Казакстан чек арадан өткөндөн кийин дагы унааларды токтотуп камоого алууда". Бул тууралуу Чакан ГЭС ассоциациясынын президенти Элвира Бөкөнбаева бүгүн, 30-октябрда берген маалымат жыйынында айтып чыкты.
Анын билдиришинче, бүгүн эртең менен Кыргыз-Казак чек арасындагы "Кордай" көзөмөл пунктунан өткөн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары байланышка чыгып, алар кошумча текшерүүгө алынып жатышканын кабарлашкан.
"Бүгүн эртең менен айдоочулар байланышка чыгып, "Кордай" чек ара пунктунан өткөндөн кийин да бир канча унаа токтотулуп, катуу текшерилип жатышканын айтышты. Алардын пикиринде, азыр өзүнчө аянтчага токтотулуп кайра-кайра текшерилип жатышат. Чек арадан өткөндөн кийин текшерүүнүн эмне зарылдыгы бар эле? Акча бергендерди бошотуп жатыптыр", - деди Бөкөнбаева.
Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турат. Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Кечээ Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.