Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу бүгүн, 30-октябрда активисттер маалымат жыйын өткөрүп Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден чек арадагы тоскоолдукту алып салуу талабын коюшту.
"Апрель Байрагы" биримдигинин төрагасынын орун басары Тариэл Искаков чек арадагы тоскоолдук карапайым эл менен ишкерлерге чоң кыйынчылык жаратып жатканын белгиледи.
"Чек ара толук ачылышы керек. Болбосо биздин ЕАЭБдин курамында турганыбыз эмне мааниге ээ?! Ошондуктан биз Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден Кыргыз мамлекетине таасир этүүсүн токтотуп, чек араны ачууну талап кылабыз. Бул жерде жөнөкөй жарандар менен ишкерлер жабыркап жатышат. Чек арадагы тоскоолдук Кыргыз мамлекетине гана эмес, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге терс таасир берип жатат", - деди Искаков.