Кыргыз Республикасы ЕАЭБдеги аткезчилик боюнча эң аз маселе жараткан өлкө. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда экс-вице-премьер Олег Панкратов "Өзгөчө маанидеги ишкердик маселелер: Кыргыз-Казак чек арасындагы көйгөйдү чечүү" аттуу тегерек столдо билдирди.
“Казак тараптын бизди чек арада аткезчилик жүктөрдү ташып, коррупция менен алектенип жатат дегени чындыкка дал келбейт. Бул жерде түрдүү ыкмалар менен туура эмес маалымат таратылууда. Эгер ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен Кыргыз Республикасын салыштырсак, биздин чек арада аткезчилик боюнча маселелер алардыкынан он эсеге, жадакалса жүз эсеге аз десек болот”, - дейт Олег Панкратов.