Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Толкунбек Абдыгулов бүгүн Астанага бара турганын айтты

Бүгүн, 1-декабрда вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Астана шаарына барат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлерин кабыл алганда билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Минскте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Кыргыз-Казак кызматташтыгы, анын ичинде чек арадагы кырдаал талкууланганын айтты. "Жол картасына кол коюлганча чек араны ачып турабыз деп сүйлөштүк. Аталган документтерди макулдашып, чек арадагы маселелерди чечүүнү тездетүү үчүн бүгүн-эртең өкмөттөрдүн жумушчу топтору жолугушат. Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баш болгон министрликтердин өкүлдөрү бүгүн Астанага жөнөшөт. Андан соң Бишкекке Астанадан тиешелүү делегация келип, тараптар жол картасына кол коюшат”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан