Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Ачык Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргыз дзюдочусу Юрий Краковецкий Марокконун Марракеш шаарында 11-12-ноябрда өтө турган Ачык Дүйнө чемпиондугуна катышат.

Кыргыз өлкөсүнүн дзюдо федерациясы SUPER.KG порталына кабарлагандай, жалпы мелдеште 27 өлкөдөн 60тан ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Юрий Краковецкий 100 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, байгелүү орундарды ээлегенге аракет жасамакчы.

Кошумча маалымат боюнча Краковецкий Ачык Дүйнө чемпиондугуна чейин клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Анда Кыргыз дзюдочусу Германиянын "Гамбург" клубунун атынан чыгат.

Эске салсак, Юрий Краковецкий октябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн "Grand Prix Tashkent 2017" мелдешинде күмүш медалын жеңип алган. Бул жеңиши менен дүйнөнүн мыкты дзюдочуларынын арасында 7-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан