Орусиялык "Енисей" клубунун коргоочусу Валерий Кичин мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын курамында ойноодон баш тартты. Бул тууралуу Футбол федерациясынын вице-президенти Дастан Конокбаев билдирди.
"Валерий Кичин Улуттук курама команданын катарында ойноодон баш тартты, ал бул тууралуу федерацияга расмий арыз менен кайрылды", - деп билдирген Конокбаев.
Кичин алгач Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасынын курамында 2011-жылы Өзбекстан улуттук курама командасы менен болгон беттеште ойногон. Анда негизги курам менен оюн талаасына чыгып 58-мүнөттө алмаштырылган. Акыркы жолу улуттук курама команда менен ушул жылдын 28-мартында Макао менен болгон оюнга катышкан. Индия жана Мьянма курама командалар менен болгон оюндарга алган жаракатынан улам чыга алган эмес.
Жалпы Кыргыз улуттук курама командасынын курамында 23 расмий оюн өткөрүп, 3 гол киргизе алган.