Бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын алкагында Непал-Оман курама командаларынын беттеши орун алды.
Бул беттеште Оман командасы топко ээлик кылып, Непалга топ тийгизбей, оюндун жыйынтыгында 0:5 эсеби менен жеңип алды. Мындай жыйынтык менен Оман командасы жалпы мелдеште 7 упай топтоп турнирдик жадыбалда 2-орунга көтөрүлдү. Ал эми Кыргыз курама командасы 3-орунга түштү. 1-орунду 9 упай топтогон БАЭ курамасы ээлеп, кийинки этапка ойногонго түз жолдомо алды. 4-орунда 4 упай менен Бахрейн командасы жайгашса, 5-орунда упайсыз Непал командасы жайгашкан.