Бишкекте жашаган индия, тажик, ооган, өзбек улутундагы мырзаларга Индиянын тасмасында роль жаратуу үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргыз кастинг" агенттиги SUPER.KG порталына билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Болливуд режиссёрлору Кыргыз өлкөсүндө тасма тартууну пландоодо. Тасма Ооган мамлекети жөнүндө болот. Фильмдеги аскер кызматкерлеринин образын жаратуу үчүн европа түспөлүндөгү мырзалар да сынакка катыша алат.
Сынакты уюштуруучулардын айтымында, азырка тапта агенттикке кайрылып, тасмага тартылуу каалоосу бар экендигин билдиргендердин көбү - индия улутундагы мырзалар.
"Мындан сырткары Америкада билим алган жаш режиссёр, мекендешибиз Нурмат Сакибаев кыска метраждуу "Тоолордун руху" аттуу тасмасына сынак жарыялайт. Сынак 18-19-ноябрда өтөт. Ага 22 жаштагы азиат түспөлүндөгү жигиттер жана 45 жаштагы славян түспөлүндөгү мырзалар катышса болот", - деди агенттиктин өкүлү.