"Ош Бажы" командасы волейбол боюнча 2017-жылдын Жогорку Лигасын жеңип алды. Бул тууралуу волейбол федерациясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Жогорку Лиганын акыркы туру Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 6-10-ноябрда өткөн. Жалпы мелдештин жүрүшүндө "Ош Бажы" командасы турнирдик жадыбалда лидерликти сактап келген. Финалдык беттеште "Ош Бажы" командасы "Ош" командасы менен кездешип, 3 партияда жеңип алган. Бул жыйынтык менен "Ош Бажы" командасы алтын медалдарды жеңип, кийинки сезондо Улуттук лигада ойногонго мүмкүнчүлүк алды.
"Ош" командасы 2-орунду камсыздап, күмүш медалдарын тагынса, 3-орунду ысык-көлдүк "Жалын" командасы ээлеп коло медалдарды тагынды.
Финалдык оюндардын жыйынтыгы:
3-орун үчүн беттеш:
"Жалын"-"Ош Пирим" 3:2 (партиялар боюнча 23-25; 25-14; 22-25; 25-22; 15-10)
Финал
"Ош Бажы"-"Ош" 3:0 (партиялар боюнча 25-20; 25-18; 25-23)