ЖЫЛНААМА, 13-НОЯБРЬ: Ата-энеси ажырашып кетип, балалыгы атасын көрүүнү эңсеп жүрүп өткөн актёр Жерард Батлер 48 жашка толду

Актёр Жерард Батлер Шотландиянын Глазго шаарында 1969-жылы туулган. Ал 1997-жылы "Миссис Браун" тасмасына тартылып, актёрлук карьерасын баштаган. Актёр "Падение Олимпа", "Покорители волн", "Мужчина нарасхват", "Призрак оперы", "300 спартанцев", "Голая правда", "Законопослушный гражданин", "Рок-н-рольщик" тасмаларындагы аткарган ролдору менен атактуулукка жеткен.

Жерард Батлер 2 жашында ата-энеси ажырашып кетип, аны апасы тарбиялаган. Бала кезинде үйүнө жакын жайгашкан кинотеатрга улам-улам бара берүүнү адат кылып алган. Анткени кинотеатрга баруу - кичинекей өспүрүмгө чоң ырахат тартуулаган.

Муну байкаган апасы аны жаштар театрына берип, алгачкы ролун Жерард театрда 12 жашында баштаган. Бирок апасы уулу актёрлук кесипти эмес, башка кесиптин ээси болушун каалай тургандыгын айткан. Апасынын бул мүдөөсүн жерге таштай албаган Жерард мектепти аяктап юридикалык факультетке тапшырат.

Бирок тасма талаасына болгон сүйүү аны өз азгырыгынан коё берген эмес, жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Лос-Анжелеске барып, кинематографияга аралашат. Бирок адегенде анын кино тармагындагы эмгек жолу статист болуудан башталат.

Жерард 2 жашынан тартып атасын көрбөй өскөн. Эр жеткенде атасын издеп табууну максат кылып Канадага барган. Бул учурда атасы рак илдети менен катуу күрөшүп жаткан болот. Тилеги орундалып атасын тапканы менен ооруп жаткан атасы көп өтпөй анын колунда көз жумат. Бул абалдан кийин көпкө чейин азап чегип, спирт ичимдиктерине берилип кеткен күндөрү да болгондугу жазылат маалымат каражаттарында.

Кийин гана, 1997-жылдан тартып анын кино тармагында ийгиликтүү эмгек жолу башталат.

13-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан