Ырчы Дайыр Исмадияров Египетте эс алууда. Бул тууралуу ал интернеттеги жеке баракчасына жазып, сүрөттөрүн жарыялоодо.
"Үч уктасам түшүмө кирбеген керемет. Жер планетасынын эң узун дарыясы - Нил. Бул дарыяны жөн гана көрүп тим болбостон таң атканча Каир шаарында ушул лайнерде сүзүп сейилдеп жүрөм. Аллага чексиз шүгүрчүлүк", - деп жазган ал.
Анын сүрөттөрүнө жазган билдирүүсүнө ылайык, Египетте эс алуу менен кошо жаңы клип тартууну пландаган.
Эске салсак, ырчы жакында эле жубайы менен ажырашып кеткенин ачыктап: "Буга эч ким күнөөлүү эмес, болгону экөөбүз тең бактылуу болуу үчүн ушундай чечим кабыл алдык", - деп билдирген.
Дайыр Исмадияров өткөн жылдын 25-сентябрында Жанара аттуу бийкеч менен баш кошуп, ушул жылдын 5-сентябрында уулдуу болушкан.